“Айтылган бардык көйгөйлөр чечилет”
Баткен районунун акими Данир Иманалиев Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык айылдын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда айыл тургундары социалдык, экономикалык жана суу маселелери боюнча көйгөйлөрүн ортого салышып, сугат суу жетишсиздиги жана жолдордун абалы боюнча маселелер көтөрүлдү.
Аким жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бул маселелерди чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилеп, мамлекеттик программалар жана инвестициялар аркылуу колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү караларын айтып, айыл тургундары жетекчилик менен ачык пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.
“Жыйында көтөрүлгөн бардык маселелер тез аранын ичинде чечилет жана ал боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлөт”,-деди район акими Данир Иманалиев.
Белгилей кетсек, мындай жыйындар райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы айылдарда өткөрүлөт.
