Ушул жылдын 21-январында кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын иштөө механизмни жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты эффективдүү ишке ашыруу боюнча атайын жыйын болуп өттү. Жыйынга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алимбек Матмуратов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облустук ичик иштер башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Арсланбек Аданов жана тийиштүү жетекчилер, кызматкерлер катышты.
Жыйында аталган мыйзам боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Бул мыйзам ушул жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген. Мыйзамдын негизги максаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген дин эркиндигин жана светтик принцибин камсыз кылууга, диний чөйрөдөгү бөлүнүп жарылуунун алдын алууга, диндер аралык мамилени жакшыртууга, динди саясатташтырбоого багытталган.
Жыйындын жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кеңири маалыматтар берилди.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
