Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев баш болгон бир катар жетекчилер Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Жыйынга тийешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл тургундары катышты.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими Данир Иманалиев тийешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, жол, суу, электр энергиясы, жайыт жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелерин уккан район акими айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистери менен биргеликте айыл тургундары тарабынан айтылган маселелерди тез арада жеринде чечүү тапшырмасын берди.
Андан сырткары Данир Иманалиев райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып,
өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, Президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берип, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан район акимине ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
