Бүгүн Баткен районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү. Тактап айтканда райондун аймагындагы 7 айыл өкмөтүнүн бардык аймактарында, райондук мекеме ишканаларда
“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында жалпы беш жүздөн ашуун ар түрдүү көчөттөр отургузулду. Ишембиликке Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөтүнүн, мекеме ишканалардын эмгек жамааты катышышты.
Белгилей кетсек Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиевдин буйругу менен айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланган.
Анын алкагында 3 ай бою ишембиликтер өткөрүлүп турат.
