Бүгүн Нооруз майрамы Баткенде өзгөчө шаң менен өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка облус башчысы Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев катышты.
Алгач Нооруз майрамынын урматына даярдалган сүмөлөк ачылып, келген конокторго таттуу сүмөлөктөр таркатылды. Андан соң облус башчысы Айбек Шаменов жана Баткен районунун акими Данир Иманалиев Баткен облусунун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктап, эл-жерге тынчтык, токчулук, молчулук каалады.
Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Баткен району тарабынан боз үй тигилип, кол өнөрчүлүк, тамак аш жарманкелери уюштурулду.
Маданият өкүлдөрү тарабынан театрлаштырылган көрүнүштөр, манас, дастандар, ыр, күүлөр жаңырды.
