Баткен районунун акими Данир Иманалиев Алтын Бешик айыл аймагынын Сай, Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга райондун аймагындагы мекеме ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары, аталган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Жыйында алгач район акими Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында элге кенен маалымат берип, аймактын алдыдагы жылдарга өнүгүү багыттары туурасында айтып берди.
Жыйын район башчысы менен жергиликтүү элдин ортосунда суроо жооп менен уланып, эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, тийиштүү жетекчилер жеринде жооп беришти.
Жыйында негизинен
элдер тарабынан чек ара, турак жай, жол, сел өтүүчү тосмолор, пособие жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан келген жетекчиликке ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
Белгилей кетсек Баткен районунун акими Данир Иманалиев буга чейин Алтын Бешик айыл өкмөтүнүн жогорку аймагынын тургундары менен жолугушуп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, чечиле турган маселелерди чечип, тийиштүү жетекчилерге чечүү тапшырмасын берген.
