Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев баш болгон мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары катышкан жыйын болуп өттү.
Жыйында күн тартибинде бир топ маселелер каралып, алгач райондун аймагындагы коомдук саясий абал жөнүндө маалыматтар айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен районунда калктын аялуу катмарынын турмуш шартын изилдөө багытында электрондук социалдык паспортторду толтуруунун сапатын жогорулатуу жана толтурулган электрондук социалдык паспортторду инвентаризациялоо жөнүндө тапшырмалар берилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле жыйында айлана чөйрөнү тазалоо иретке келтирүү жана бак- дарактарды отургузуу үчүн ишембиликтерди уюштуруу, алдыдагы Нооруз майрамын уюшкандыкта өткөрүү боюнча маселелер каралып, район акими тарабынан айыл окмот башчыларга жана тийешелүү жетекчилерге катуу тапшырмалар берилди.
