Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында бүгүн массалык ишембилик
Баткен районунун аймагында өткөрүлдү.
Бул күнү көчөттөр буталып, тазалоо, актоо сырдоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылды.
Белгилей кетсек Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин тапшырмасына ылайык, айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү боюнча атайын ишембиликтер ар жуманын ишемби күнү өткөрүлүүдө.
Бул күнү мекеме ишканалардын, бардык айыл өкмөттүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамааты айлана чөйрөнү таштандылардан тазалоо, бак дарактарды бутоо, имараттарды актап сырдоо, жумуштарын аткарышты.
Алдыда айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү, түрдүү көчөттөрдү отургузуу иш чаралары уланат.
