Бүгүн Достук айылынын тургундары үчүн курулуучу жаңы үйлөрдүн мезгил кутучасын салуу иш чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев жана мекеме ишканалардын жетекчилери, Достук айылынын тургундары катышты.
Белгилей кетсек, чек арадагы жарандар үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.
Бүгүн бир канча турак жайдын пайдубалы салынат.
Жарандар үчүн үйлөр бардык шарттары менен салынып, пайдаланууга берилет.
Аталган квартал Баткен шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Алдыда Достук айылынын эли үчүн аталган кварталда бардык шарттар түзүлөт.
