Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү бекеттери бүгүн салтанаттуу ачылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, облустук, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти. Президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул күнү чек ара бекеттеринин ачылышы майрамдык иш чаралар менен коштолуп, ыр күүлөр коюлду.
