Баткен районунда 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы салтанаттуу белгиленди. Ага Баткен районунун акими Данир Иманалиев баш болгон жетекчилер катышты. Райондун 7 айыл өкмөтүнөн чакырылган баатыр энелер жана эмгек алдынкылары чакырылып майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарада район акими Данир Иманалиев салтанатка чакырылган апаларды майрамдары менен куттуктап, ар бирине баалуу белектерин ташпырды.
Иш чаранын соңунда апалар район акимине ак баталарын беришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Иш чарада Баткен районунун маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, мындай иш чаралар район акиминин тапшырмасынын негизинде райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагында өткөрүлөт.
