Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин тапшырмасынын негизинде райондун аймагындагы карыяларга камкордуктар көрүлүүдө.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асылкан Саттарова райондун аймагындагы кадырман карыялардан кабар алды.
Апаларды 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктап, Кара-Бак, Алтын-Бешик, Суу-Башы, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы кадырман апалардан кабар алып, аларды Эл аралык майрамы менен куттуктап,
район акиминин куттуктоосун жеткирип, акчалай белектерин тапшырышты.
Андан сырткары аталган айыл өкмөттөрүнүн башчылары энелерге атайын майрамдык шириндиктерди берип, апаларга бекем ден соолук каалап, “сиздердин акыл насаатыныздар бизге дем күч берет, батаныздар сыймыкка бөлөйт”- деп ак баталарын алышты.
