Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында көп тармактуу социалдык комплекс салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.
Ага Баткен районунун акими Данир Иманалиев, Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын мүдүрү Мухаммед Маады, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы жана тийиштүү жетекчилер, өкүлдөр, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Көп тармактуу социалдык комплексте ФАП, мечит жана 250 орунга ылайыкташкан мектеп бар.
Аталган комплекс Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын, айыл тургундарынын, жеке ишкерлердин жана айыл өкмөтүнүн колдоосу астында каржыланып, бардык шарттары менен салтанаттуу түрдө кызыл лентасы кесилип, бүгүн пайдаланууга берилди.
Социалдык комплекстин курулушуна Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик тарабынан керектүү жардамдар көрсөтүлгөн.
Район акими Данир Иманалиев аталган кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө жана социалдык комплексти курууга көмөк көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
Салтанаттуу ачылышта айыл тургундары жетекчиликке, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө ак баталарын беришип, кубанычтарында чек жок экенин жашыра алышкан жок.
Белгилей кетсек
Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы буга чейин да Баткен районунун аймагында
бир топ алгылыктуу жана кайрымдуу иштерди жасап келишкен.
Баткен районунун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында район акими Данир Иманалиев бүгүнкү күндө инвестиция тартуу аракеттеринин негизинде, райондун бардык айыл аймактарына көп тармактуу социалдык комплекстерди ачуу долбоорун ишке ашырууну мерчемдеп, анын үстүндө иш алып барууда.
Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жетекчиликтин тыгыз кызматташтыкта иштегендеринин натыйжасында Баткен районунун аймагында бир топ социалдык объектилер курулуп, элдин көйгөйлүү маселелери чечилип келүүдө.
