Бүгүн, 5-мартта Баткенде жана Баткен районунун бардык айыл аймактарында 3-март Мамлекеттик Туубуздун кабыл алынган күнүнө жана 5-март Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу иш чаралар өткөрүлдү.
Баткендеги майрамдык иш чара жөө жүрүш менен башталды.
Иш чарага катышкан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев майрам күндөрдүн маанисине кенен токтолуп, кыргыз эли тутунган Туусу түбөлүк желбиреп, уулдарынын башынан ак калпак түшпөй мамлекетибиз өнүгө берүүсүн тилек кылды.
Иш чарада мамлекеттик Туубуздун жана ак калпагыбыздын мааниси чечмеленип, жаш таланттардын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал эми 5-март -Ак калпак күнү 2011-жылы Рысбек Жабиров тарабынан жарыяланып, 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет.
