Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа орто мектебинде
жашы жете электер арасында зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана мектептердеги рэкетчиликти токтотуу маселеси боюнча атайын жыйын болуп өттү. Ага Баткен районунун акиминин орун басары К. Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О. Мажилимов, Баткен ОИИБнын ККК башчысы, милициянын полковниги Р. Сатыбалдиев, Баткен РИИБнин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Ж.Мамануров жана жалпы ата энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.
Жыйында ата-энелерге өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы байланышты чыңдоо, окуучулар арасындагы буллинг жана кибербуллингдин алдын алуу, рэкетчиликке жол бербөө, тартип маселелери каралып, тиешелүү чечиимдер кабыл алынды.
