Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасы” долбоорунун алкагында райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин мектеп окуучулары арасында Мектеп лигасынын райондук туру башталды.
Кыргыз Республикасынын Мектеп Лигасынын райондук этабына аймактык этабынан жеңүүчү болгон жалпы 16 катышууда.
Аталган иш чарага Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов жана Баткен райондук спорт мектебинин директору У.Рахимовдор катышып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Жыйынтыгында 1-2-3-орунду камсыз кылган мектеп командалары кубок жана дипломдор менен сыйланышты.
Байгелүү орунду камсыз кылган командалар Кыргыз Республикасынын Мектеп Лигасынын облустук туруна жолдомо алышты.
