Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын тургуну Эрали Төлөмүшовдун 3 баш ири мүйүздүү малдары көзөмөлсүз калып, 2024-жылдын 15-октябрында Тажик Республикасынын аймагына өтүп кеткен.
Бул далил боюнча 2025-жылдын 15-январында Баткен районунун Кызыл-Бел, Тажик Республикасынын Исфара районунун Гулистон чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекетинин аймагында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон
райондук ГКНБнын өкүлү, Баткен районунун прокурору юстициянын полковниги Н.Курманакунов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А. Шагамурзаев, 2022 Аскер бөлүгүнүн командири полковник Б. Мамышовдор катышкан
эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, жолугушууда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 18-февраль күнү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек арадан өтүп кеткен 3 баш ири мүйүздүү мал өз ээсине кайтарылды.
Ошондой эле ошол күнкү
эки тараптуу жолугушууда биргеликтеги айлана чөйрөнү тазалоо иш чарасыда макулдашылып,
жыйынтыгында ушул жылдын 22-январь күнү
Баткен районунун
“Кызыл-Бел-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети менен Исфара районунун “Гулистан-автожол” көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ортосун тазалоо жумуштары жүргүзүлгөн.
Эки тараптуу тазалоо иштерине Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү
Исфара районунун төрагасы Б.
Баходурзода жетектеген жетекчилер катышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин айыл аймактарда өткөрүлүп жаткан жыйындарда жетекчилер жана милиция кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарында жашаган элдерге мал-жандыктарга сак болуу жагы үзгүлтүксүз эскертилип келген.
