Баткен районунун аймагындагы ооруканаларда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү.
Ага ылайык тиешелүү адистер тарабынан Самаркандек жана Бужум айылындагы ооруканалардын өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди.
Буга чейин район акиминин атайын буйругу чыгарылып, анын негизинде райондун аймагында атайын комиссия түзүлгөн болчу.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында
комиссиянын төрагасы Алимбек Матмуратовдун катышуусу менен
аталган ооруканалардын өрт өчүрүүчү шаймандардын иштөө абалы , алардын жетиштүүлүгү каралды. Ооруканалардын кызматкерлерине жана бейтаптарга өрт учурунда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча атайын адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Имараттардын эвакуациялоо жолдору, өрт коопсуздугуна байланыштуу техникалык жабдуулар каралып, кемчиликтер аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер тарабынан коопсуздук боюнча кошумча нускамалар берилди.
Район жетекчилиги мындай алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылып, башка медициналык мекемелерде да көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.
Өрт коопсуздугун камсыздоо ар бир жаран үчүн маанилүү маселе болгондуктан, мекеме жетекчилерине жана кызматкерлерине коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча милдеттенмелер жүктөлдү.
Мына ушундай текшерүү Самаркандек ооруканасында да жүргүзүлүп, анда оорукана кызамткерлерине өрт коопсуздугун сактоо боюнча бир катар эскертүүлөр берилди.
Өрт коопсуздугу- сактыкка байланыштуу маселе. Андыктан, ар бир мекеме алдын алуу иштерин өз учурунда жүргүзүп, адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырдаалдардын алдын алуусу зарыл.
Белгилей кетсек, мындай иш чаралар райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүндө уюштурулуп өткөрүлөт
