Билим берүү уюмдарындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт”
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын кезектеги аппараттык кеңешме жыйыны болуп өттү.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө бир топ маселелер каралып, Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал, өрт коопсуздугунун алдын алуу, айлана чөйрөнү тазалоо, иретке келтирүү жана бак- дарактарды отургузуу үчүн ишембиликтерди уюштуруу, мектеп жашындагы балдар арасында зордук зомбулуктун алдын алуу,
райондун аймагындагы түрдүү социалдык маселелер, айыл өкмөттөрүнүн аймактарында аткарылып жаткан иштер туурасында жана жазгы талаа иштерине карата даярдыктар туурасында талкуулар болуп, учурда жүрүп жаткан иштер туурасында район акими Учкунбек Жоробаевге жетекчилер тарабынан маалыматтар берилди.
Жыйында район акими Учкунбек Жоробаев соңку мезгилде коомчулукту тынчсыздандырып жаткан мектептеги рэкетчилик, зордук-зомбулук темасына кайрылып, бул багытта жасалуучу иштерге кеңири токтолду.
Айыл өкмөтүнүн башчыларына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына тиешелүү жетекчилер менен биргеликте билим берүү уюмдарында окуучулардын саламаттыгын жана өмүрүн сактоо, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында комплекстүү иш-чаралар планын тез арада иштеп чыгууну тапшырып, ар бир билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Андан сырткары райондун аймагындагы өзгөчө кооптуу жана маанилүү, социалдык маанидеги объектилердин менчигинин түрүнө карабастан, өрткө каршы коопсуздук эрежелерин сактоо абалын текшерүүнү тийешелүү жетекчилерге тапшырып, атайын комиссия түзүп, анын алкагында түшүндүрүү жана алдын алуу иш чараларын өткөрүүнү тапшырды. Кеңешменин жыйынтыгында сын сунуштар айтылып, тиешелүү тапшырмалар, аларды аткаруу мөөнөттөрү коюлду.
Бүгүнкү күндө райондо жана райондун аймагында коомдук саясий абал тынч жана Баткен районунун акиминин көзөмөлүндө
