Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш тиричиликке зарыл болгон негизги азык түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында айыл чарба жарманкеси болуп өттү.
Анда тийиштүү өкүлдөр тарабынан элдерге эт, суу май, кум шекер, картошка, жашылча жемиштер, көмүр жана башка ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү азыктар күндөгүдөн арзан баада сатылып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарманкеде эт 550 сомдон, картошка 40-50 сомдон, жумуртка 200-220 сомдон, көмүр 200 сомдон сатылды.
Өткөрүлүп жаткан жарманкеде Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров сатуучуларга жана алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал жандыктарына керектелүүчү тоюттарды, эт азыктарын, картошка, жашылча жемиштерди арзан баада сатууга чакырып өттү.
Райондун аймагында өткөрүлүп жаткан жарманкелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы протоколдук тапшырмасынын негизинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүккө болгон баалардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен районунун Кара-Бак, Төрт-Гүл, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймактарында жарманкелер уюштурулуп, элге арзан баада азык түлүк продукциялары сатылган.
Мындай жарманкелер райондун аймагындагы бардык айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлөт.
