Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин буйругунун негизинде “Үгүт кербени” уюштурулуп, анын алкагында атайын жумушчу топ түзүлгөн.
Район акиминин тапшырмасынын негизинде акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова баш болгон бир катар жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, жеринде жооп беришти.
Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, чек ара, жол, суу, жөлөк пул, жайыт жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Андан сырткары район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова жана жетекчилер райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып,
өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берилип, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле жыйында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Шагамурзаев
жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо, балдар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу турасында токтолуп өттү.
Жыйынга катышкан мугалимдерге, жергиликтүү тургундарга акыркы учурларда коомго үрөй учурган балдар тарабынан жасалган кылмыштарды айтып, бул аймактагы мектеп окуучуларына, ошондой эле 9-классты бүтүп, мектепте окубай калган балдардын тарбиясына көзөмөлдү күчөтүү керектигин билдирди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө №60-мыйзамдын алкагында биргеликте үй-бүлөлүк зордук зомбулук, балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган укук бузуулардын, алдамчылык, кибер кылмыштуулуктардын катталуусунун алдын алуу жана жоюу максатында иш жүргүзүү зарыл экендигин баса белгилеп кетти.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган “Тынчтык жөнүндө”, “Жалаа жабуу жана мазактоо”, ысырапкерчилик жөнүндөгү Жарлыктарын жеткирип, жарандарды коомдук тартипти сактоону жана укук бузуулардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан Үгүт кербенинин жумушчу тобуна ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
