Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгына туптуура 36 жыл толду.
Бүгүн аларды эскерүү иш чарасы салтанаттуу белгиленди. Иш чарага Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын вице-мэри Акылбек Орозов, Баткен аскер гарнизонунун башчысы, полковник Данияр Кашкатаев,
акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова
күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Иш чарада Ооган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып, куран окулду.
Согуш талаасында болуп, апаатты өз көзү менен көрүп келген мекендештерибизди Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев куттуктап, ден соолук, үй бүлөлүк бакыт каалады. Ошондой эле район акими Баткен районунун аймагында жаш муундарды Ата Мекенди сүйүүгө, урматтоого, коргоого жана мекенчилдикке тарбиялоодо кошкон зор салымдары үчүн Ооган согушунун ардагерлери Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын баалуу белектери менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, 1979-жылы башталган Ооган согушу 10 жылга созулган.
Бүгүнкү күндө Баткен районунда жалпы 33 Ооган согушунун ардагери бар. Салтанаттуу иш чараны Баткен райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору көркүнө чыгарып, Ооган согушунун ардагерлерине майрамдык дасторкон даярдалды.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
