Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында чек ара кызматы жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат беришти.
Кеңешмеде район акими Учкунбек Жоробаев аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттерге карабай, акыркы мезгилдерде аткезчилик менен алектенгендер четинен чыгып жатканын белгилеп, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдөрдү күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.
Тажик, Өзбек Республикаларынын район шаарлары менен чектеш тургандыктан бул аймактарда аткезчилик маселеси жок эмес. Чек арада жашаган элдердин соода-сатык мамилелерин эске алганда, эки өлкөнүн жарандарынын байкабастан чек ара мыйзамдарын бузуп алган фактылары да бар. Мындан улам чек арага байланышкан көп кырдуу көйгөйлөр туурасында учурда чек ара кызматы тарабынан тийиштүү жумуштар, алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын 2022 аскер бөлүгүнүн командири Бозулан Мамышов билдирди.
Координациялык кеңешменин жыйынтыгында район акими мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү менен, мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюуну ошондой эле аткезчиликке байланышкан соттук өкүмдөрдүн аткарылышын камсыздоону тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жетекчилерге тапшырды.
