Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын кезектеги аппараттык кеңешме жыйыны болуп өттү.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө бир топ маселелер каралып, Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал,
райондун аймагындагы түрдүү социалдык маселелер, айыл өкмөттөрүнүн аймактарында аткарылып жаткан иштер туурасында жана жазгы талаа иштерине карата даярдыктар туурасында талкуулар болуп, учурда жүрүп жаткан иштер туурасында район акими Учкунбек Жоробаевге жетекчилер тарабынан маалыматтар берилди.
Андан сырткары жыйында
социалдык тармактарда, ЖМКларда кимдир бирөөнү мазактаган, сөккөн же жалаа жапкан адамдарга жаза караштырган мыйзам күчүнө киргендиги туурасында район акими тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мыйзамда бирөөнү мазактаган же каралаган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган. Айып пул мамлекеттин эсебине төлөнөт. Ошондой эле соцтармактарда бирөөгө жалган-жалаа жаап, мазактап жазган гана адам эмес, аны бөлүшкөн адам да жазага тартылат.
Бул мыйзам сөз эркиндигине таасир тийгизбейт. Мыйзам адамдын ар-намысын коргоого багытталган.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында кабыл алынып, быйыл 31-январда президент тарабынан кол коюлган.
Кеңешменин жыйынтыгында сын сунуштар айтылып, тиешелүү тапшырмалар, аларды аткаруу мөөнөттөрү коюлду.
Бүгүнкү күндө райондо жана райондун аймагында коомдук саясий абал тынч жана Баткен районунун акиминин көзөмөлүндө
