Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш тиричиликке зарыл болгон негизги азык түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында Кыргыз Өзбек айыл чарба жарманкеси болуп өттү.
Анда тийиштүү өкүлдөр тарабынан элдерге эт, суу май, кум шекер жана башка ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү азыктар күндөгүдөн арзан баада сатылып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарманкеде эт 580 сомдон, картошка 50 сомдон, жумуртка 200-220 сомдон сатылды.
Өтүп жаткан жарманкеге Өзбек Республикасынын Сох районунун дыйкандары, ишкерлери катышып, түрдүү мөмө-жемиштер, буюмдар арзан баада сатылды.
Эки тараптуу мындай жарманкелер
Кыргыз Өзбек дыйкан фермерлердин жана ишкерлердин кызматташуусун жакшыртат жана тажрыйба алмашуу, достук, соода-экономикалык байланышты чыңдайт.
Дыйкандарды жана ишкерлерди колдоо максатында Сох районунун акиминин орун басарлары
Сарварбек Хомиджонов, Муслимбек Мавлонбековдор
баштап келишти.
Өткөрүлүп жаткан жарманкеден Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жеринен барып кабар алып, азык түлүктөрдүн баалары менен таанышып, сатуучуларга жана алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал жандыктарына керектелүүчү тоюттарды арзан баада сатууга чакырып өттү. Ошондой эле район акими жарманкеге катышкан дыйкандарга жана ишкерлерге ыраазычылык билдирди.
Өткөрүлүп жаткан жарманке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы протоколдук тапшырмасынын негизинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүккө болгон баалардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында өткөрүлдү.
