Урматтуу Баткен районунун тургундары жана коноктору!
Сиздерди Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп жаткан айыл чарба, азыктарын арзан баада сатып алуу боюнча жарманкеге чакырабыз.
Азык-түлүк жарманкеси
2025-жылдын 11-февралында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылында, 13-февралында Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында өткөрүлөт.
Жарманкеге Өзбек Республикасынын Риштан, Сох жана Өзбекстан райондорунун дыйкан фермерлери жана ишкерлери катышат.
Аталган жарманкеге келип айыл чарба азыктарын базар баасынан төмөн сатып алсаңыздар болот.
Жарманкеде арзандатылган баада эт, картошка, сабиз пияз, дан азыктары ошондой эле бардык элге керектелүүчү азыктар жана буюмдарды базар баасынан арзан алсаныздар болот.
Жарманке саат 11:00 дө башталат.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
