Баткен районунун социалдык-маданий инфраструктурасын жакшыртуу максатында райондун аймагында бир топ алгылыктуу жумуштар жүргүзүлүп жатат.
Алсак, бүгүнкү күндө Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы айылдык маданият үйүндө оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан маданият үйүн жеринде барып көрдү.
Аталган маданият үйү
1991 жылы курулуп пайдаланууга берилген.
Көп жылдан бери оңдоп түзөө иштери болбогондуктан, учурда толук оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат.
Капиталдык оңдоп түзөө жумуштары мамлекет тарабынан каржыланып жогорку деңгээлде оңдолууда.
Маданият үйү кайрадан жаңыланып, толук түрдө отургучтар, музыкалып аппаратуралар, керектүү болгон эмеректер менен жаңыланат.
Жакынкы күндөрү маданият үйү бүткөрүлүп айыл элине пайдаланууга берилет.
Буюрса Кара-Бак айылында түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп турмакчы.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
