Азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш тиричиликке зарыл болгон негизги азык түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында айыл чарба жарманкелери уюштурулууда. Бүгүн Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылында жарманке уюштурулду.
Анда тийиштүү өкүлдөр тарабынан элдерге эт, суу май, кум шекер жана башка ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү азыктар күндөгүдөн арзан баада сатылып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлүп жаткан жарманкеден Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жеринен барып кабар алып, азык түлүктөрдүн баалары менен таанышып, сатуучуларга жана алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал жандыктарына керектелүүчү тоюттарды арзан баада сатууга чакырып өттү.
Мындай жарманкелер Баткен районунун бардык айыл өкмөттөрүндө уюштурулуп өткөрүлөт.
Өткөрүлүп жаткан жарманке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы протоколдук тапшырмасынын негизинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүккө болгон баалардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат.
Бул боюнча Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин атайын буйругу чыгарылып, райондук штаб түзүлгөн.
Анын негизинде, айыл өкмөттөрүнүн аймагында айыл чарба жарманкелерин өткөрүү жагы мерчемделген.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-февралында Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө, 13-февралында Суу-Башы айыл өкмөтүндө, 18-февралында Алтын-Бешик айыл өкмөтүндө айыл чарба жарманкелери уюштурулат.
Алсак, буга чейин да район аймагында ар тараптуу жана кыргыз-өзбек эл аралык жарманкелер уюштуруп өткөрүлгөн.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы
