Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги аппараттык кеңешме жыйыны өткөрүлдү. Кеңешмеде Баткен районунун аймагында жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү, азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, жазгы талаа жумуштарын жана жазгы себүүнү өз убагында уюштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, райондун азык- түлүк коопсуздугун камсыздоо жактары каралды.
Жыйында район акими жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү менен аймактагы каналдарды, ички арыктарды тазалоо, 2025-жылдын вегетация мезгилине даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди.
Учурда Баткен райондук суу чарба башкармалыгы насостук бекеттерде оңдоп түзөө жумуштарын жүргүзүп жатат.
2025-жылдын түшүмү үчүн 1243га жаздык буудай, 1185га жаздык арпа эгүү жагы мерчемделген.
Бекитилген графикке ылайык райондук агрардык өнүгүү, суу чарба башкармалыгы, ветеринария, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте райондун аймагындагы ар бир айылдагы дыйкандардын катышуусунда жер-жерлерде жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү жумуштарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
