Баткен райондук мамлекеттик администрациясында кезектеги жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү.
Коллегияга Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеген коллегия мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрага, төрайымдары жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.
Коллегия алгач жакшы саамалыктар менен башталып, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун бир катар алдынкылары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары менен сыйланды.
Коллегияда 2024-жылдын жыйынтыктары жана 2025-жылга карата негизги милдеттери жөнүндө каралды.
Республикалык казынага 2024-жылы 180 млн 315,3 миң сом салык топтолуп, бекитилген мерчем 102,7 пайызга аткарылган.
Ал эми тартылган инвестициянын көлөмү 1224,5 млн.сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 321,1 млн сомго көп инвестиция тартылган.
Баткен районун өнүктүрүү максатында 2024-жылы бир катар жаңы социалдык обьектилер, калкты тейлөө борборлору ачылып, бир катар жаңы жумуш орундары түзүлүп, элдин социалдык абалы, райондун инфратүзүмү күндөн-күнгө жакшырып, район өнүгүүнүн өр жолунда келе жатат.
Маалыматтар угулган соң, район акими У. Жоробаев айыл өкмөт башчыларына, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине кетирилген кемчиликтерди жоюу менен бир катар алдыңкы жумуштарды аткаруулары зарыл экендигин белгиледи.
Ошондой эле 2025-жылга карата негизги милдеттери жөнүндө айыл өкмөт башчыларына, мекеме ишканалардын мекемелерине бир катар тапшырмаларды берди.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
