Аталган кенешмеге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.Жоробаев, акимдин орун басары К.Кыдырова, Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары М.Ахматов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Айылдык Кеңештин төрага, төрайымдары, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү адиси, кызыктар тараптар катышышты.
Жыйындын максаты, Баткен районунун аймагында жугуштуу эмес оорулар, атап айтканда жүрөк-кан тамыр ооруулары, кант диабети, залалдуу шишиктер жана дем алуу органдарынын олуттуу көйгөйлөрүнүн алдын алуу болуп эсептелинет.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.Жоробаев өз сөзүндө жогорудагы көйгөйдү чечүүдө бардык секторлордун өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саламаттыкты сактоо тармагынын адистери жалпы эле коомчулук биргеликте иш алып баруу менен женүүгө боло тургандыгын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө, чакырылган жыйындын катышуучулары дарыгерлерге кайрылып, ден соолугун короодон өткөрүшүп, маалыматтарды алышты.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
