Бүгүн эки өлкө ортосунда атайын ашар ыкмасы менен жалпы айлана чөйрө тазаланды.
Тазалык иш чарасында
Баткен районунун
“Кызыл-Бел-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети менен Исфара районунун “Гулистан-автожол” көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ортосун тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Эки тараптуу тазалоо иштерине Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү
Исфара районунун төрагасы Б.
Баходурзода жетектеген жетекчилер катышты.
Жалпысынан ишембиликке эки тараптан тең элүүдөн жаран катышып, жалпы жүз жаран катышты.
Бул күнү аталган жерликтерде эки тараптуу
санитардык жактан тазалоо, таштандыларды чыгаруу, бак-дарактардын жерге түшкөн жалбырактарын тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Аксакалдар бул саамалык жакшы экенин белгилеп, эки тараптуу достукту чыңдоо, мындан ары тыгыз кызматташтыкта иштөөгө чакырып, ак баталарын беришти.
Тазалоо иштерине чыккан жарандар жашоочуларды айлана чөйрөнү тазалоо иштерине кайдыгер карабай, өздөрү жашаган турак-жайлардын тегерегин ирээтке келтирүүгө, ишкердик кылган объектилердин айланасын тазалап, көрктөндүрүүгө чакырып өтүштү.
Тазалоо жумуштарынын жыйынтыгында эки тараптын демилгеси менен жумушчуларга түшкү тамак уюштурулуп берилди.
Тазалоо иштеринин соңунда эки өлкөнүн район башчылары жарандарга эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо, түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук, коопсуздукту сактоо жактары да түшүндүрүлдү.
Бүгүнкү тазалоо иштеринин максаты айлана чөйрөнү таза сактоо, достук мамилени чыңдоо жана чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо.
Учурда Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал тынч.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
