Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Суу Башы айыл өкмөтүнүн чек аралаш аймагында Өзбек Республикасынын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаев жетектеген делегациясы менен жолугушуусу болду.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, жаз келишине карата арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, чарба иштери жана башка күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар
жазгы талаа жана жазгы вегетациялык жумуштарын ийгиликтүү, өткөрүү туурасында, сүйлөшүштү.
Эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү духта бири бирин түшүнүү менен жыйынтыкталды.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
