Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев жарандарды жуманын иш күндөрү ар дайым кабыл алат. Район акими менен жолугушуу үчүн атайын белгиленген күндү күтүп, кезекте турушпайт.
Район акими Учкунбек Жоробаев тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берип, ар бир жаран тоскоолдуксуз жолугушууга кирип туруусун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
“Биз элдин ишеничтүү өкүлү болушубуз керек. Жуманын бир күнүнө жолугушуу кылып, жаш балдары барлар, карыган ата-апалар келип, кезекте туруп калбашы керек. Бул туура эмес көрүнүш. Жуманын кайсы күнү экенине карабастан мага жолугушууга келген ар бир жаранды кабыл алууга даярмын”,- деди Учкунбек Жоробаев.
Эскертүү:
Баткен районунун акими иш сапарларында болуп калышы мүмкүн, ошондуктан алгач (03622) 5-00-14 номери аркылуу байланышып тактап алуу максатка ылайык.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
