15.01.2025ж Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон делегация
Баткен районунун
Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.
Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип,
чек аралаш аймактарда эки тараптуу
курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык,
чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле эки тараптуу делегация аткезчиликке каршы биргеликте күрөшүүнү жана көмөк көрсөтүүнү,
чек ара аймактарындагы окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.
Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Эки тараптуу жолугушуунун убактысы 1 саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланды.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
