Баткен районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ишембилик КРнын Президенти Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө жана
район акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасына ылайык өткөрүлдү.
Бул күнү райондун аймагындагы айылдар, жол чети, мекеме ишканалар
санитардык жактан тазаланып, таштандылар чыгарылды.
Ишембиликке
бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл тургундары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамааты активдүү катышты.
Бүгүнкү район боюнча өткөрүлгөн жалпы ишембиликке 2370
жаран тартылып, 85 тонна таштанды чыгарылды.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы
жеке ишкерлерди, айыл тургундарын дагы ишембиликтерге кайдыгер карабай, өзүңүздөр жашаган турак-жайлардын тегерегин ирээтке келтирүүгө, ишкердик кылган объектилердин айланасын тазалап, көрктөндүрүүгө чакырат.
Баарыбыз биргеликте тазалык үчүн күрөшөлү.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
