Кыргыз Республикасынын коррупция жана жемкорлук боюнча укуктук актыларга жана ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Учкунбек Жоробаев райондук деңгээлде райондун аймагындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилерине, бардык кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын катышуусу менен “Коррупцияга жана жемкорлукка жол жок” аттуу жыйын өткөрдү.
Жыйында өзгөрүү кирген мыйзамдардын беренелери тааныштырылды.
Коррупцияга жана жемкорлукка жол бербөө жагы, бул боюнча мыйзам талаптарын кынтыксыз аткаруу жагы жетекчилерге жана кызматкерлерге эскертилди.
Ушундай иш чараларды, жыйындарды өткөрүү жагы бардык айыл өкмөттөрүнүн жана мекеме-уюмдарда өткөрүү тапшырмасы коюлду.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы