Өрттүн алдын алууга, коопсуздук эрежелерин сактоого ар бир жаран милдеттүү. Анын эрежеси эң жөнөкөй. Кооптуулукту байкаган же тилсиз жоого күбө болгон учурда 101 же 112 кыска номуруна даректи туура айтып, ыкчам кабарлоо керек. Ошол эле кезде коопсуздук эрежелерин сактоо эң ириде адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарды сактап калууга шарт түзөт.
Мындай коопсуздук эрежелерин так түшүндүрүп, нускама өтүү үчүн Баткен району боюнча ӨКБнүн өздүк курамы райондун аймагындагы айыл аймактарда ар бир үйгө баш багып, өрттүн алдын алуу, кыш мезгилинде мор жана мештерди таза кармоо, туура пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы