Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 79 жылдык мааракесине карата, оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун белгилөө максатында, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер, тийиштүү айыл өкмөтүнүн башчылары Баткен районунун аймагындагы ооруктун ардагерлерин майрам алдынан кабар алышты.
Ардагерлерди куттуктоо үчүн барган жетекчилер атайын алар үчүн даярдалган белектерин, акчалай сыйлыктарын тапшырышып, улуу муундарыбызга ден соолук каалап, өмүр тилешип, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен Улуу жеңиштин 79 жылдык майрамы менен куттукташты.
Жаштарга ар дайым үлгү болуп келген ардагерлерибиздин бири 97 жаштагы Тагайбеков Айбаш ата куттуктоо үчүн барган жетекчилерди мыкты дем менен, жылуу маанайда тосуп алды. Ардагер менен маектешүү учурунда Айбаш аксакал көздөрүн жалынга толтуруп, согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрүн эстеп жетекчиликке айтып берди. Ошону менен катар жаштарга алгач өздөрүнө сак болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, элин жерин, жашап жаткан мамлекетин сүйүүгө чакырып, акыл-насааттарын айтканга да үлгүрдү.
Ал эми ардагерлер өз учурунда мамлекет тарабынан аларга көңүл бурулуп, өзгөчө абалдын катаал күндөрүнө карабастан алардан кабар алып, көңүлдөрүн көтөрүп, белектерди берип жаткандыгына абдан кубанышып, көздөрүнө жаш ала алакан жайып, элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болуусун жана район акиминин иштерине ийгилик каалоо менен ак баталарын беришти.
Бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында жалпы 19 ооруктун ардагери бар.