Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
27-январындагы № 29 Токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
27-январындагы “2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын
коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын
бекитүү жөнүндө” № 29 Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
2026-жылдын 9-февралындагы № 01-12/15 сандуу буйругуна ылайык:
1. 2026–2027-жылдарга Баткен районунун аймагында коррупцияга
каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу
боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге
ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Баткен райондук
мамлекеттик администрациясынын аппаратынын бөлүм/сектор башчылары,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
– ар квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 1-күнүнөн
кечиктирбестен иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
маалыматты Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жиберишсин;
– Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу
иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара
аракеттенүү, укуктук тартип жана жарандык коргонуу, кадр маселелери
боюнча адистери ар квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын
2-күнүнөн кечиктирбестен иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү
жөнүндө маалыматты Баткен районунун прокуратурасына жиберишсин.
3. Бул тескеме Баткен районунун прокуратурасына маалымат иретинде
жиберилсин.
4.Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен райондук
мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.