Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 “2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2026-жылдын 9-февралында чыгарылган №01-12/15 сандуу буйругуна ылайык, Баткен районунда тиешелүү иш-чаралар уюштурулууда.
Аталган тескеменин негизинде Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жыйын өткөрүлүп, ага айыл өкмөт башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жооптуу адистер катышты.
Жыйында 2026–2027-жылдарга Баткен районунун аймагында коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын мазмуну кеңири түшүндүрүлүп, аны өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле иш-чаралар планын аткарууга тартылган түзүмдүк бөлүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына квартал сайын белгиленген мөөнөттөрдө аткарылган иштер боюнча маалымат берип туруу жагы милдеттендирилди.
Бул багыттагы иштер мамлекеттик саясатты аймактык деңгээлде натыйжалуу ишке ашырууга, ачык-айкындуулукту камсыздоого жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга өбөлгө түзөт.



