Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында тазалыкка үндөгөн урналар жана маникендер коюлду.
Айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу, районубузду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында аталган айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол четине таштанды таштоочу урналар жана жол коопсуздугуна үндөгөн чакырыктар орнотулду.
Белгилей кетсек мындай чакырыктар “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондун бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагында орнотулган.