Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү тургундарды “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин так аткаруу, мамлекеттик органдарын иштөө ыкмаларына санарип технологияларды колдонуу, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабатындагы коомдук кабылдамасында район акими Учкунбек Жоробаев жана орун басарлары күн сайын жарандарды кабыл алууда.
Бүгүн, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын тургуну 88 жаштагы Эназаров Жайчи атаны кабыл алып, көйгөйлүү ар бир маселесин кунт кою менен угуп, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, маселесин чечүүгө сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүлөөрүн билдирип, район акими өз чөнтөгүнөн Жайчи атага акчалай жардамын да берди.
Баткен районунун мамлекеттик администрациясындагы коомдук кабылдамага келген ар бир жарандын маселеси тыкыр көзөмөлгө алынып, ар биринин көйгөйлүү маселелери мыйзам чегинде чечилип берилет.
Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрациясынын да жооптуу кызматкерлери келген жарандарды кабыл алышып, суроолоруна жараша тиешелүү райондук мекеме-уюмдар жана айыл өкмөт башчылары менен байланышып, иш алып барышат.