Баткенде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Исаков, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. Жоробаев, акимдин орун басары К. Кыдыровалар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жетекчилер катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө район акими Учкунбек Жоробаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, түйшүктүү жана жооптуу иштерине ийгиликтерди каалап, бир катар алдыңкы кызматкерлерге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Майрамдык салтанат жергиликтүү таланттардын чакан концерттик программасы менен коштолду.