Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылы жана Тажикстандын Исфара районунун Ляккон айылы чектешкен аймакта Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б. Баходурзода жетектеген делегация менен эки тараптуу жолугушуу болду.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип,
макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу
курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, суу, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Эки тараптуу жолугушуунун убактысы 2 саатка жакын созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланды.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.