Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
23-июнь мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу майрам жана мелдеш Сүлүктү шаарында болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри, Кадамжай, Лейлек райондорунун акимдери, облустун аймагындагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер катышты.
Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө бир катар алдыңкылар Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Сүлүктү шаарынын Нурбек Баратов атындагы спорт комплексинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата өткөрүлгөн облустук спартакиада спорттун футбол, аркан тартыш, волейбол түрлөрү ойнотулуп, жалпы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерден куралган 7 команда күч сынашты.
Жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча боюнча эркектер арасындагы мелдеште
1-орунду Баткен шаардык мэриясы, 2-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы
3-орунду Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командалары камсыз кылышты. Ал эми волейбол боюнча кыздар арасында өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, 2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы 3-орунду Сүлүктү шаардык мэриясынын командасы камсыз кылышты. Ошондой эле спорттун футбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Баткен шаардык мэриясы, 2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы камсыз кылышты. Спорттун аркан тартыш боюнча эркектер арасында 1-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, 2-орунду Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы, 3-орун Баткен шаардык мэриясы, ал эми кыздар арасында 1-орунду Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кыздар командасы, 2-орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын кыздар командасы, 3-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын кыздар командасы камсыз кылышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар кубок, диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Эске салсак, учурда Баткен районунун аймагында эки жүздөн ашуун муниципалдык кызматкер жана жүздөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер иш алып барышат.