Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон акимдин орун басарлары жана райодук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери
Баткен районунун мамлекеттик администрациясында жарандарды кабыл алуучу коомдук кабылдамасында күн сайын жарандарды кабыл алууда.
Баткен районунун мамлекеттик администрациясындагы коомдук кабылдамасында жетекчилер жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн угуп, бардык кайрылгандарга кеңири жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, ошондой эле тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мекеме ишканалардын жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн мыйзамдардын алкагында чечүү боюнча тапшырмаларды беришет.
Бүгүн акимдин 1-орун басары Таалайбек Ибраимов Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну 93 жаштагы Акматбеков Ороз атаны кабыл алып, анын көйгөйлүү маселелерин угуп, маселесин жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүп, ордунда тийиштүүлөргө тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, жарандар иш күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасына көйгөйлүү маселелер боюнча кайрыла алат.





