Баткен районунун аймагындагы ишкердик жүргүзгөн субъектилер арасында контролдук кассалык аппараттарды колдонуу жана орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери буга чейин район акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде тынымсыз жүргүзүлүп келген.
Бүгүнкү күндө ККМди орнотууну активдештирүү максатында атайын жер жерлерде тиешелүү кызматтар тарабынан ишкердик жүргүзгөн субъектилер арасында түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, 13-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” №193 токтомуна ылайык, Баткен районунун аймагындагы жеке ишкерлик менен алектенген
ишкерлер үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Баткен райондук башкармалыгында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин катышуусунда акысыз ККМ аппараттары таркатылды.
Жалпы Кыргызстан боюнча 32 000 ККМ аппараты берилген. Анын ичинен бир канча ККМ аппараты бүгүнкү күнгө карата Баткен районунун аймагындагы ишкерлерге таратыла баштады. Алдыңкы күндөрдө базардагы бардык ишкерлер бекер ККМ аппараттары менен камсыз болот.
Белгилей кетсек, көзөмөл-кассалык машинасын алуу үчүн жаран өзүнүн иш жүргүзгөн же катталган аймактагы салык органына арыз менен кайрылышы керек.
Алсак, ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарынын катарына салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык контролдун ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирет.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат.
Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат.
Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү жана жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштүү.
Алдыда райондун аймагындагы ишкерлерге ККМ аппараттары акысыз таркатылат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.