Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин буйругуна ылайык, алдын ала түзүлгөн бир жылдык мерчемдин негизинде 2024-жылга карата даярдыгын текшерүү үчүн Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылында атайын машыгуу болуп өттү.
Машыгууга Баткен районунун акиминин 1-орун басары Таалайбек Ибраимов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев, Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Ашырали Эркебаевдер, тийиштүү кызматтын өкүлдөрү катышты.
Машыгууда башкы окуя – жер титирөө. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды эвакуациялоо, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлдү.
Машыгуудагы иш чарада эвакуация комиссиясынын төрагасы болуп Ашыралы Эркебаев дайындалып, өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жергиликтүү жарандарды коопсуз аймакка көчүрүп, убактылуу жайгаштыруу пункттарына жайгаштырууну колго алып, өз көзөмөлүнө алып турду.
Машыгуунун жүрүшүндө жер титирөө катталгандыгы боюнча маалымат түшүп, жарандык коргонуу кызматтары чогулду.
Машыгуунун программасына ылайык, Баткен районунун Согмент айылында 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир канча турак үй кооптуу абалга келген. Өзгөчө кырдаалды жоюу жана ыкчам чара көрүү максатында, жарандык коргонуу кызматтары менен кошо жергиликтүү элден элүүгө жакын жаран тартылды.
Атайын штаб түзүлүп, жарандык коргонуу кызматтары активдүү катышты.