24 жаштагы Динмухамед уулу Марлен бир канча жылдан бери дыйканчылык менен алпурушуп кулпунай өстүрүп келет. Ал 12 гектар жер аянтын ижарага алып, мөмөнүн клера, албион, альба, мицинова, азия, априка сортторун тигип көргөн. Учурда багбандын аракеттеринин акыбети кайтып турган убагы.
Дыйкан жемиштерин тамчылатып сугарып, күнү-түнү талаада.
Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Иляз Сайфидинов, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султан Эрматов жана Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилековдор менен биргеликте Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылындагы кулпунай талаасына барып, дыйкандын эмгегин жеринде көрүп келди. Динмухамед уулу Марлендин айтымында “Биздин климатка ыңгайлуу жана пайдалуу ошондой эле айылдын экономикасын жана айыл чарба тармагын толугу менен өзгөртөлү деп 40тан ашуун үй бүлөнүн башын бир кооперативге бириктирип, “КЛУБМАЛИНА ЖАНЫ ЖЕР” айыл чарба кооперативин 2022-жылы түзгөнбүз. 2023- жылдын август айында 12 гектар жер аянтына Европанын ыкмасы менен интенсивдүү тамчылатмай кулпунай багын тиктик”, – дейт. Жалпысынан 12 гектар жерге 500 миң көчөт тигилген.
Кулпунайды тамчылатып сугаруу максатында 570 куб болгон суу кампасы курулган.
Суу кампасы Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин ички жана тышкы инвесторлор менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Евро сервис компаниясы тарабынан 380 миң сомго курулуп, каржыланган.
Бул кулпунайдын башка кулпунайлардан өзгөчөлүгү түшүмү мол, өзгөчө даамдуу.
Ошондой эле район акими жана тийиштүү жетекчилер Жаңы-Жер айылындагы тамеки талаасына барып, дыйкандар менен жолугуп, сугат сууну көп талап кылуучу эгиндерден оолак болуп, сууну аз талап кылуучу эгиндерди эгүү жана тамчылатып сугарууга өтүү боюнча элге кеңири түшүндүрмөлөрдү берип өтүштү.
Бул талаадагы тамеки тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүлүп жатат.
Буга чейин да тийиштүү жетекчилер жана адистер тарабынан
сууну аз талап кылуучу эгиндерди эгүү, тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген.
Тамчылатып сугаруу – бул айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун алдыңкы ыкмаларынын бири. Сугат суу полиэтилен түтүктөрдүн жардамы менен жоготуусуз өсүмдүктүн тамырына түз берилет. Тамыры нымдалып, суунун бууланууга, жерге сиңип жана майнапка кеткен көлөмү кыскарат.
Бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында 198 гектардан ашык аянт тамчылатып сугарууга өткөн.
1 гектар жерди тамчылатып сугарууга керектелүүчү жабдыктардын наркы 90 миң сомго барат. Дыйкандар мындай баа чөнтөгүбүзгө чак келбейт дешсе, адистер кеткен чыгым 1 жыл аралыгында эле актап, киреше алып келет дешет.